Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Бишкекте сабалган аял милицияга арыз жазган эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек милициясынын маалыматына ылайык, 11-сентябрь күнү саат 00:12де 102 кызматына шаардагы “Алмалуу” кафесинде үй-бүлөлүк чыр-чатак чыкканы боюнча кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милицияга токмоктолгон аял аны күйөөсү сабаганын айтып берген.

Окуяны териштирүү үчүн жабыркаган аял милиция бөлүмүнө алынып келген. Бирок аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Бул окуя Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 75-беренеси (“Үй-бүлөдөгү зомбулук”) боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

12-сентябрда Бишкек шаарынын тургуну милицияга “Алмалуу” кафесиндеги чыр-чатакка байланыштуу арыз менен кайрылган. Бул арыз да Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Милиция жогорудагы окуяларга шектүү катары 31 жаштагы жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бир күн мурда социалдык тармактарда бети-башы көгала болуп, сабалган аялдын сүрөтү жарыяланган. Соцтармактардын колдонуучулары кызуу талкууга алган окуяда аялды күйөөсү ур-тепкиге алганы айтылып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG