Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Таласта аюу менен мамалак аткан браконьер кармалды


Кыргызстан. Талас облусу. 12-сентябрь, 2020-жыл.
Кыргызстан. Талас облусу. 12-сентябрь, 2020-жыл.

Талас облусунун Бакай-Ата районунда аюу менен мамалак аткан браконьер кармалды.

Бул тууралуу Талас облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, милиция кылмышка шектүүнү 12-сентябрга караган түнү колго түшүргөн.

"Талас облустук милиция кызматкерлери жана Аңчылык департаментинин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аңчылык кылып келе жаткан адамдар түшкөн автоунаа токтотулган. Андан эки баш аюу, алардын терилери жана эти табылган. Кылмышка шектүү Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну, 1984-жылы туулган К.У. камакка алынды".

Сарногоева кошумчалагандай, факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Окуяны Талас облустук биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти да ырастады.

Жаныбарлардын териси жана эти Аңчылык департаментине өткөрүлүп берилген.

Кыргызстанда аюуну атууга уруксат жок. Мыйзамсыз аңчылык кылгандарга бир миллион сом айыппул салынат.

XS
SM
MD
LG