Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:56

Иранда чемпион Навид Афкари өлүм жазасына тартылды


Навид Афкари.
Навид Афкари.

Киши өлтүрүүгө айыпталган ирандык балбан Навид Афкари өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу 12-сентябрда ирандык мамлекеттик маалымат каражаттары жазды.

Маалыматта Фарс провинциясынын юстиция башкармалыгына таянуу менен “Афкари бүгүн эртең менен соттук иш-чаралардан кийин өлүм жазасына тартылды” деп айтылат.

Навид Афкари Ирандын күрөш боюна чемпиону болгон. Ал 2018-жылы Ирандын түштүгүндөгү Ширазе шаарында өкмөткө каршы нааразылык акцияларында киши өлтүрүүгө айыпталган. Бул иш эл аралык талкуу жараткан.

Афкаринин туугандары жана активисттер укук коргоо органдары аны кыйнап өзүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айтып келишет. Спортчунун адвокаты аны күнөөсү тууралуу эч кандай далил жок экенин билдирген.

Ирандын сот системасы кыйноо боюнча айыптоолорду четке каккан.

Сентябрь айында АКШнын президентти Доналд Трамп Иранды спортчуга карата катаал өкүмдөн баш тартууга чакырган.

XS
SM
MD
LG