Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:22

ӨКМ "кызматкерлер үгүткө аралашкан" деген маалыматты четке какты


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “мекеменин кызматкерлери партиялардын үгүт иштерине аралашкан эмес” деген маалымат таратты. Мекеменин билдирүүсүндө, социалдык тармактарда тараган видеодо аты аталган кишилер ӨКМ кызматкерлери эмес.

Учурда Аксы району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №30 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн техник-айдоочусу Тынчтык Атабековдон түшүнүк кат алынды. Ал катында үгүт иштерине катышпаганын маалымдаган.

8-августта Интернетте министрликтин Аксы районундагы башкармалыгынын кызматкерлери партиялардын биринин үгүт иштерине катышып жатканы боюнча маалымат тараган. ӨКМ бул факт боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG