Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Путин менен Лукашенко 14-сентябрда Сочиде жолугушат


Пктин менен Лукашенко. Архивдик сүрөт.
Пктин менен Лукашенко. Архивдик сүрөт.

Орусиянын жана Беларустун президенттери кийинки аптада жолугушмакчы. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков лидерлер 14-сентябрда Сочиде кездешерин билдирди. Песковдун айтымында, жумушчу жолугушууда эч кандай документтерге кол коюлбайт жана басма сөз жыйыны өткөрүлбөйт.

Владимир Путин менен Александр Лукашенко Беларуста бийликке каршы массалык демонстрациялар башталгандан бери биринчи жолу кездешмекчи.

Нааразылык акциялары 9-августтагы президенттик шайлоону өлкө башында 26 жылдан бери турган Лукашенко жеңгени жарыялангандан кийин башталган. Ошондон бери миңдеген киши кармалып, жүздөгөн адамдар милициянын зомбулугуна туш болду. Оппозиция жана митингчилер шайлоо бурмаланган деп эсептешет.

АКШ жана Евробиримдик тынч митингчилерге каршы күч колдонууну, куугунтукту айыптап келатышат.

Оппозициянын талапкери Светлана Тихановская чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болуп, азыр Литвада жүрөт.

Орусия менен Беларустун ортосунда 1990-жылдары «Союздук республика» түзүлүп, бирок ал кагаз түрүндө гана кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG