Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Помпео: Оогандардын өз ара диалогу «талаш» менен коштолушу мүмкүн


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «ооган өкмөтү менен «Талибандын» өз ара сүйлөшүүлөрү «талаш-тартыш» менен коштолушу ыктымал, бирок диалог тынчтык орнотууга карай бирден-бир жол» деп билдирди.

Помпео бул тууралуу 11-сентябрда Катарга аттанып жатып айтты. Ишембиде ал жакта оогандардын сүйлөшүүлөрү башталмакчы.

Быйыл февралдын этегинде Вашингтон менен талибдер тынчтык келишимине жетишип, Кабул өкмөтү менен кыймылдын сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурушуна жол ачылган. Ал келишимге ылайык ошондой эле америкалык аскерлердин Ооганстандагы контингенти кыскартылмакчы.

Ооган өкмөтүнүн делегациясынын курамында Улуттук кайра биригүү кеңешинин башчысы, аткаруу бийлигинин мурдагы жетекчиси Абдулла Абдулла бар. Топту Чалгын кызматынын мурдагы башчысы Мухаммед Масум Станекзай жетектейт. Ал эми «Талибандын» сүйлөшүү тобунун башында бир канча жылдар бою Пакистандын түштүк-чыгышындагы Кветта шаарында жашырынып жүргөн, ырайымсыздыгы менен атагы чыккан кол башчы Абдул Хаким Исхакзай турат.

Ооган бийлиги февралдагы келишимдин шарты боюнча беш миңдей талиб туткунун бошотту. «Талибан» өз тарабынан миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG