Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

900 миң кыргызстандык сасык тумоого каршы бекер эмделет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус эпидемиясы жыл сайын күзүндө көп катталуучу сасык тумоо оорулары башталганда абалды оорлотушу ыктымал. Бул тууралуу 11-сентябрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.

Жороев абалдын ого бетер курчушуна жол бербеш үчүн сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү зарыл экенин айтты:

«Биз бүгүнкү күндө жаңы коронавирус оорусунан толук арыла элекпиз. Ал эми жыл сайын болуучу сасык тумоо оорусунун мезгили жакындап калды. Киши бир эле убакта эки оору менен, сасык тумоо жана коронавирус менен ооруп калуу жана илдет оор абалда өтүү коркунучу бар».

Жороев билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлиги быйыл жалпысынан 900 миңден ашык кишини эмдөөнү пландап жатат. Вакцинанын биринчи партиясы сентябрь айынын орто ченинде келет. Жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу барлар, көп ооруган балдар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан ашкан адамдар акысыз эмделет. Вакцина ашып калса, тейлөө жана транспорт тармагында иштегендер, мугалимдер, почточулар эмделет.

Департаменттин директору мамлекет сатып ала турган вакцина бардыгына жетпей турганын, андыктан мүмкүнчүлүгү барлар жеке клиникаларга кайрылса болорун белгиледи. Ал жыл сайын күзүндө аба салкындаганда респиратордук-вирустук оорулардын жана сасык тумоонун эпидемиологиялык мезгили башталарын, бул кезде өнөкөт илдети барлар, тез-тез ооруган балдар, улуу курактагылар абайлашы керек экенин кошумчалады.

Жороев билдиргендей, вакцинанын баасы азырынча белгисиз, былтыр 600 сомдун тегерегинде болгон.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет бүгүнкү күнгө карата 44 761 адамга жукту, алардын 40 631и айыкты, 1063 бейтап каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG