Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

«Вефа» соода борборундагы ижарачылар бийликке кайрылышты


«Вефа» соода борбору. Бишкек шаары.
«Вефа» соода борбору. Бишкек шаары.

Бишкектеги «Вефа» соода борборунда иштеген ижарачылар Биринчи май райондук сотунун имаратты камакка коюу тууралуу чечимине нааразылык билдирип чыгышты. Ишкерлер 10-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, бийликтен ижарачылардын укуктарын коргоп берүү өтүнүштү. Алардын айтымында, соода борборунда 160тан ашык ижарачы бар. Анда миңден ашык адам иштеп, жан багат.

Соода борборунун юристи Людмила Горлова соттун чечиминен ишкерлер, ижарачылар да зыян тарта турганын айтты:

«Биз дайыма биринчи-экинчи инстанцияларда утуп келдик. Ишти ар кайсы судья карап, баары Түркия тараптын доо арызын канааттандыруудан баш тартып келет. Бирок Биринчи май райондук сотунун акыркы чечими терең ойлонулбастан кабыл алынды. «Аруу жылдыз» компаниясы кыймылсыз мүлкүн ижарага берет да. Эми ижарачылар - үчүнчү тарап да зыян тартканы турат».

Юристтин айтымында, учурда Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаар сотуна доо арыз даярдалууда.

«Вефа» соода борборуна ээлик кылган «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому түрк өкмөтүнө караштуу «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы менен үч жылдан бери соттошуп келет. Талаш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үчүнчү айлампада каралууда. Быйыл 7-сентябрда райондук сот «Вефа» борборунун имаратын камакка коюп, «Аруу жылдыз» компаниясына борбордогу кыймылсыз мүлктү колдонууга тыюу салган. Түркиялык компания менен «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун талашына байланыштуу иш райондук, шаардык сотто каралган. Жогорку сотко эки жолу барып, кайра артка кайтарылган.

Түркиялык «Өзгүн Иншаат» компаниясы 2016-жылкы соода борбору алды-сатты келишими мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билдирип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG