Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Тажикстанда кармалган кыргызстандык бошотулду


Махмуд Бабажанов.
Махмуд Бабажанов.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жашаган 80 жаштагы Махмуд Бабажанов 10-сентябрда кечке жуук соттун чечими менен бошотулду. Бул тууралуу ал өзү «Азаттыкка» кабарлады. Бабажановдун айтымында, Тажикстандын Гафуров райондук соту ага «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп кирген» деген негиз менен 29 миң сомони (3 миң доллар өлчөмүндө) айыппул салган.

«Мени себепсиз кармап турушкан, - деди ал. - Мага Бишкектен Тышкы иштер министрлигинен, элчиликтен чалышты, ошондон кийин паспортумду колума берип, коё беришти. Пенсиялык күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун алып калышты. Мындан тышкары жок жерден сот айыпка жыкты».

Бабажанов Тажикстанда жашаган 101 жаштагы апасын да өзү менен кошо Кыргызстанга алып келе жатканын кошумчалады.

Махмуджан Бабажанов президент Сооронбай Жээнбековго укугун коргоп берүүнү сурап кайрылган. Ал өзүн 6-сентябрда чек арада аны тажик күч кызматкерлери кармап кетип, ушу тапта Гафуров райондук ооруканасында кармап турушканын билдирген. Бабажановдун айтымында, буга чейин АКШдагы уулунан ага автоунаа белекке келген. Машине жарандыгы тажикстандык байбичесине катталган, бирок тажик күч кызматкерлери күйөөсүнө жазылган ишеним кат мыйзамсыз экенин билдиришкен.

Эки ай мурда Интернетте Бабажанов АКШда жашаган уулунан белекке машине алганы тууралуу видео тараган.

Президент Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда Бабажанов Тажикстанда жашаган апасына күн сайын каттап турарын, Гафуров районунун коопсуздук органы ага карата «Аткезчилик» жана «Тыңчылык» деген беренелердин негизинде эки кылмыш ишин козгогонун, паспортун алып коюшканын, тергөөчү суракка чакырбаганын, сотко келишин гана талап кылганын билдирген.

Бабажанов буга чейин аны тажик күч кызматкерлери эки жолу токмоктоп, кыйноого алганын «Азаттыкка» айтып берген болчу. Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы Ысманалы Жумабаев аны тааный турганын, бирок кыйноо көргөнү тууралуу ооз ачпаганын билдирген. Жергиликтүү милиция да ушундай эле жооп берген.

Махмуд Бабажановдун дооматтарына Тажикстандын тиешелүү тартип коргоо органдары комментарий бере элек. (SA/ZKo)

XS
SM
MD
LG