Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

Беларустун «эр жүрөк аялдары» Сахаров сыйлыгына көрсөтүлдү


Светлана Тихановская (ортодо,) Мария Колесникова (оңдо) жана Вероника Цепкало. Минск, 17-июль, 2020-жыл
Светлана Тихановская (ортодо,) Мария Колесникова (оңдо) жана Вероника Цепкало. Минск, 17-июль, 2020-жыл

Светлана Тихановская, Мария Колесникова жана Вероника Цепкало баш болгон Беларустун «эр жүрөк аялдары» Сахаров сыйлыгына көргөзүлдү. Үчилтикти Европа парламентиндеги экинчи ири топ - Социалисттер жана Демократтар сунуш кылышты.

Топтун вице-президенти Кэти Пири чечим тууралуу жарыялап жатып, быйыл Сахаров сыйлыгына өз өлкөсүндөгү эркиндик жана демократия үчүн күрөшүп келаткан Беларустагы «эр жүрөк аялдар» татыктуу деп бекем ишенерин билдирди.

Башка фракциялар өз талапкерлерин апта аягында же эмки жумада жарыялашмакчы. Бирок Брюсселдеги булактар «Азаттыктын» кабарчысына билдиришкендей, негизги саясий топтор жогорудагы сунушту колдой тургандыгы күтүлүп жатат.

Талапкерлер 17-сентябрга чейин көргөзүлүп, 12-октябрда финалисттер аныкталмакчы. Лауреаттар 22-октябрда аталат. Советтик физик, диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлык адам укуктарын жана эркиндикти коргогон уюмдар менен адамдарга 1988-жылдан бери берилип келет.

XS
SM
MD
LG