Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

«Вефа» талашына чекит коюла элек


Бишкек шаарындагы "Вефа" соода-бизнес борбору.
Бишкек шаарындагы "Вефа" соода-бизнес борбору.

Түркия өкмөтү менен Кыргызстандагы «Аруу жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун Бишкектеги «Вефа» соода-бизнес борборуна байланышкан соттук талашы уланууда.

Иш азыр үчүнчү айлампада Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. 7-сентябрда сот соода борбордун имаратын камакка коюу тууралуу чечим чыгарган. Борбордун ээси болгон «Аруу жылдыз» компаниясы жана ижарачылар буга нааразылык билдирип чыгышты.

«Вефа» борборунда соода жайларын ижарага алган ишкерлер 10-сентябрда Бишкекте басма сөз жыйын өткөрүп, имараттын сот чечими менен камакка коюлушуна нааразы болуп бийликке кайрылышты. Ишкерлердин бири Шайыр Маманова бийликтен ижарачылардын укуктарын коргоп берүү өтүндү.

"Вефа" соода-бизнес борборунун имараты.
"Вефа" соода-бизнес борборунун имараты.

«160тан ашык ижарачы бар. Анда миңден ашык адам иштеп, жан багат. Соттун чечими менен көчөдө калсак, бизге ким кам көрөт? Биздин укугубузду ким коргойт? Мунун баарын мамлекет ойлонуш керек. Биз – жеке ишкерлер салык төлөп, мамлекеттин казынасына салым кошуп жатабыз. Жакында эле пандемияда күйөөм каза болду. Жалгыз бой энемин. Студент балдарым бар. Мен сыяктуулар көп. Мамлекеттен бизге окшогон жарандардын укугун тебелетпей, коргоп жардам берүүнү өтүнөбүз».

«Вефа» соода борборуна ээлик кылган "Аруу Жылдыз" жоопкерчилиги чектелген коому түрк өкмөтүнө караштуу «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы менен соттошуп жатат. Талаш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үчүнчү айлампада каралууда. Быйыл 7-сентябрда райондук сот «Вефа» борборунун имаратын камакка коюп, «Аруу жылдыз» компаниясына кыймылсыз мүлктү колдонууга тыюу салган.

Соода борбордун юристи Людмила Горлова соттун чечиминен ишкерлер да, ижарачылар да зыян тарта турганын айтып чыкты.

«Биз дайыма биринчи-экинчи инстанцияларда жеңип келдик. Ишти ар кайсы судья карап, баары тең Түркия тараптын доо арызын канааттандыруудан баш тартып келет. Бирок Биринчи май райондук сотунун акыркы чечими терең ойлонулбай туруп кабыл алынды. «Аруу жылдыз» компаниясы кыймылсыз мүлкүн ижарага берет да. Азыр ижарачылар-үчүнчү тарап да зыян тартканы турат».

Түркиялык компания менен «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун талашына үч жылдан бери чекит коюлбай жатат. Иш райондук, район аралык, шаардык сотто эки ирет каралган. Жогорку сотко да эки жолу жетип, акыркысында кайра райондук сотко жиберилген.

Түркиялык «Өзгүн Иншаат» компаниясынын адвокаты Алия Турумбекова 2016-жылы соода борборду алды-сатты деген келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билдирди.

«Биз эмнеге соттошуп жатабыз? Иш жүзүндө соода борборду алды-сатты келишими Кыргызстандын мыйзамдарына туура келген эмес. Соода борбордун активдерин чыгарып кетүү аракетин жаап-жашыруу максатында түзүлгөн. «Аруу жылдыз» компаниясы активдерди мыйзамдуу түрдө сатып алгам деп атат. Анда аны далилдесин. Акча которуулар тууралуу да документтери жок. Ошондуктан далилдей албайт. Камакка коюу боюнча алардын пикирлери таң калыштуу. Анткени, алар өздөрү соода борборду камакка коюуну суранышкан. Бул алардын ишти создуктуруу аракетинен кабар берет. Эки жылдан бери ошентип келе жатышат».

Бишкектеги «Вефа» соода борборун түркиялык «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы 2006-жылы курган. Арадан он жыл өткөн соң 2016-жылы февраль айында «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому менен «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы мүлктү ага өткөрүп, уставдык капитал түзүү боюнча бүтүмгө келишкен. Тараптардын келишимине ылайык, «Вефа» соода борбору «Аруу Жылдыз» ишканасынын карамагына өткөн.

Ошол жылы июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгону жарыяланып, «Гүлен» кыймылына таандык ишкерлердин мүлкү түрк бийлигине өткөрүлө баштаган. Анын шарапаты «Өзгүн Иншаат» акционердик коомуна да жеткен. Түрк бийлиги бул компаниянын кожоюндарын АКШда бозгунда жүргөн диний аалым Фетхулла Гүлен жана анын «Хизмет» кыймылына байланыштуу сыртынан айыптап, натыйжада «Иншаат» компаниясы мамлекетке өткөн.

Туура бир жылдан кийин, 2017-жылдын июлунда түрк өкмөтүнө карап калган «Иншаат» компаниясы «Вефа» соода борбору анын курамынан мыйзамсыз чыгарылып, арзанга бааланып, сатылып кеткен деген негизде сотко кайрылган. «Аруу жылдыз» менен болгон алды-сатты келишимин жокко чыгарууну, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылган.

Бул талашты расмий Анкаранын жана анын кыймылына каршы саясаты менен байланыштырган арбын. Коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев талашка сот чекит коет деген ойдо.

Кубан Мамбеталиев.
Кубан Мамбеталиев.

«Бул иш бүгүн башталган жок. Түркиянын элчиси сотко барып катышып, элди таң калтырган. Бирок бизде сот муну чарбалык талаш деп коет. Сот саясат катары эмес, чарбалык талаш катары карайт. Божомолдор айтылып жатат. Талашка сот чечим коет. Мындай иштер болуп эле келе жатпайбы. Ошон үчүн соттун чечимин күтүш керек».

Талаш Кыргызстанда биринчи жана экинчи соттук инстанцияларда каралганда Түркиянын «Өзгүн Иншаат» компаниясынын менчик укугу бузулбаган деген чечим чыккан. Соттор кыргызстандык ишкер, "Аруу жылдыз" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Умсун Назарбекованын соода борборуна болгон менчик укугун тааныган. Бирок 2018-жылы декабрда Жогорку сот азыркы менчик ээсинин пайдасына чыккан чечимдерди жокко чыгарып, аны кайра кароого жөнөткөн. "Азаттык" ишкер Умсун Назарбекова менен байланышканда ал келишим кынтыксыз түзүлгөн деп айтты.

Умсун Назарбекова.
Умсун Назарбекова.

"Биздин документтердин баары мыйзамдуу. Эч кандай кынтык, бир дагы кемчилик жок. Биринчи май райондук сотунун чечими күлкүлүү десем болот. Таң калыштуу. Мындай чечимди эч ким чыгарбаса керек. Ыйлай тургандай абалда калдык. Биздин соттор эмнени карап отурганы түшүнүксүз. "Эки дөө урушса, ортодо чымын өлөт " деген макал бар эмеспи. Ошондой болуп атабыз. Түрктөрдүн өз ара касташуусу бизди кыйнап жатат. Болгону ошол. Ал эми соттордун шашып чечим чыгарганы кыжыр келтирерлик".

Түркия 2016-жылдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Гүленге жана анын жолун жолдоочуларга таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин да токтотууну талап кылганы белгилүү.

Расмий Бишкек алар өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын айтып, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

XS
SM
MD
LG