Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Коомдук тамактануу жайларына чектөөнү азайтуу боюнча сунуш талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коомдук тамактануучу жайларына карата талаптарды жеңилдетүүнү сунуш кылды. Мекеме коомдук талкууга койгон өкмөт токтомуна ылайык, бир учурда 100 кишини тейлей алчу тамактануу жайларынын, соода борборлорунун ичинде жайгашкан фудкорттордун иштешине жана имарат сыртында спорттук иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берүү каралууда.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйыл жазында бардык коомдук тамактануу жайлары ишин убактылуу токтоткон. Кийин өкмөт бир учурда 50дөн ашпаган адамды тейлөөчү жайларга уруксат берген. Бийлик оорунун жайылышына жол бербеш үчүн той-аштарды токтото турууну суранган.

Бирок өкмөттүн чектөөлөрү иштебей, той-аштар мурдагыдай эле өтүп жатканы, тойканалардын айрымдарына айыппул салынганы социалдык түйүндөрдө байма-бай жарыяланууда.

Март айында башталган эпидемиянын ооруга чалдыккандар да, каза болгондор да эң көп катталган учуру июль айына туш келген. 10-сентябрга карата коронавирус жалпысынан 44 613 кыргызстандыкка жукту, алардын 40 миңден ашууну айыкты, 1063 бейтап каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG