Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:58

Сербия Беларус жана Орусия менен аскердик машыгууга катышпайт


Серб армиясынын аскерлери. Архивдик сүрөт.
Серб армиясынын аскерлери. Архивдик сүрөт.

Сербия өкмөтү жарым жыл бардык эл аралык аскердик машыгууларга катышууну токтотууну чечти. Айдын экинчи жарымында Беларуста «Славян агайындар 2020» деген машыгуу башталмакчы. Серб коргоо министри Александр Вулин 9-сентябрда чечим Европа Биримдигинин катуу басымы астында кабыл алынганын айтты. «Шаркет «Беларус менен биргелешкен иш-чарага катышпагыла» деп талап кылып, андай болбосо биздин болочок мүчөлүгүбүзгө терс таасир тийерин эскертти», - деди министр.

Брест шаарында өтчү машыгууга Беларус, Орусия жана Сербия катышмак. Аскерлер бейшембиден тартып жөнөтүлө баштайт деп пландалган. Вулиндин айтымында, алты айлык мораторий учурунда анын өлкөсү НАТО, Кытай, Орусия же башка эл аралык өнөктөштөр менен эч кандай машыгууларга катышпайт. «Ошондой эле Сербиянын бейтараптыгын сактоо максатында тынчтык орнотуу операциялардагы ролу да кайра каралып чыгып, керек болсо токтоп турат», - деп кошумчалады министр.

Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин бийликке каршы нааразылык акциялары бир айдан бери тынчыбай жатат. Күч түзүмдөрү митингчилерге көрсөткөн зомбулук, куугунтук үчүн Европа Биримдиги Минскини катуу сындап келатат жана айрым мұчөлөрү президент Александр Лукашенко жеңген шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG