Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:10

Кыргыз-өзбек тышкы иштер министрлери чек араны тактоону сүйлөштү


Кыргыз-өзбек тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу. Москва. 9-сентябрь, 2020-жыл.
Кыргыз-өзбек тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу. Москва. 9-сентябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 9-сентябрда Москва шаарында өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси тараткан маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин жыйынтыктоо иштерин талкуулашты.

Маалыматта экономикалык алакага жана чек арадагы маселелерге көбүрөөк көңүл бурулганы айтылат.

27-августта Ташкентте Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары деңгээлиндеги кеңешчи Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулаган.

Анда Мадумаров коронавирус илдетинен жана башка себептерден улам, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши жайлап калганын айткан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган. Азыр сүйлөшүүлөр так ошол 10% жана калган 5% тилке жөнүндө болуп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG