Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Тажикстан: ойго салган билим деңгээли


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандык серепчилер акыркы жылдары өлкөдө сабаттуулуктун деңгээли төмөндөгөнүн айтып келишет. Тажик бийлиги, тескерисинче, элдин сабатсыздыгы жапырт жоюлганын баса белгилейт. Mугалимдер болсо коронавирус пандемиясы балдардын билим алуусуна терс таасирин тийгизип жатканына кооптонушат.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги коронавирус пандемиясынын билим берүү системасына таасири чоң болгонун мойнуна алат. Бирок министрлик мектеп окуучуларынын жана студенттердин сабаттуулук деңгээли өз калыбында калганын баса белгилейт.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери Жалолиддин Амиров "Азаттык" радиосунун тажик кызматына мектеп окуучуларынын билим деңгээли көтөрүлгөнүн айтып берген.

«Биз эне тилинен тышкары жок дегенде бир чет тилинде сүйлөгөн, заманбап технологияларды жакшы билген, Интернетти колдонуп, дүйнөдөгү кырдаал жөнүндө жалпы түшүнүккө ээ болгон адамдарды билимдүү жана сабаттуу деп эсептейбиз».


Бирок айрым жергиликтүү серепчилер жана мугалимдер мектеп окуучуларынын жана студенттердин билим деңгээли начарлаганын билдиришүүдө. Атын атагысы келбеген аймактык мугалим буларды айтып берди:

«Эгерде тамга тааныган адам сабаттуу деп эсептелсе, ооба, көптөгөн мектеп окуучуларын сабаттуу деп атоого болот. Бирок азыркы балдардын көпчүлүгү, тилекке каршы, заманбап технологиялар жөнүндө түшүнүккө ээ эмес, чет тилдерди билишпейт. Көптөгөн мектептерде компьютерлер иштебейт. Колунда бар адамдар балдарына чет тилдерди, анын ичинде англис тилин мектептен тышкары репетиторлорду жалдап үйрөтүшөт. Көпчүлүк балдар китеп окубайт. Айрым жогорку класстардын окуучулары мектепке баруу пайдасыз экендигин, мектептен кийин деле эмгек мигранттарынын катарына кошуларын ачык айтып жатышат».

Тажикстандык серепчи Иршод Сулаймони өлкөдө сабаттуулуктун деңгээли бир кыйла төмөндөгөнүн жана билим берүү системасы олуттуу реформага муктаж экенин эскертти.

«Мамлекеттин билим берүү системасындагы монополиясын жоюу керек. Жеке менчик мектептердин жана университеттердин иштешине уруксат берилгенде өлкөдөгү билим берүү системасындагы атаандаштык жаралмак. Муну менен сапат да жогоруламак. Мындан тышкары жеке мектептерди жана университеттерди салыктан бошотуу керек».


Ал эми өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги «тажик бийлиги жеке менчик мектептердин иштөөсүнө эч кандай чектөө койгон жок» деп ишендирүүдө. Мекеме тажик өкмөтү билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн колдон келгенин жасап жатканын жана өткөн жылы эле өлкөдө 200дөн ашуун мектеп курулганын билдирген.

Коңшу өлкөнүн мурунку билим берүү министри Мунира Иноятова "Азаттык" радиосунун тажик кызматына «Сабаттуулук - бул өтө кеңири түшүнүк. Окуп жана жазуу жөндөмдүүлүгү менен катар ар бир адам ойлонууга, чечим чыгарууга, жоопкерчиликти сезүүгө, жок дегенде бир кесиптин ээси болууга жана өз укуктарын коргоого үйрөнүшү керек», - деп билдирген.

Тажикстанда жарандардын сабаттуулук деңгээли акыркы жолу 2010-жылдагы эл каттоо учурунда бааланган. Анда калктын 99.8 пайызы сабаттуу, 0,2 пайызы гана билимсиз деп аныкталган. Ал эми быйыл октябрь айында жүргүзүлө турган эл каттоодо бийлик тургундардын сабаттуулук деңгээлин кандайча аныктары азырынча белгисиз.

Дүйнө жүзүндөгү калктын өзгөрүү динамикасын караган "Countrymeters" долбоорунун маалыматы боюнча, 2019-жылы Тажикстанда 15 жаштан жогору курактагылардын 99,77 пайыздан көбү каалаган тилде окуп жана жаза алган.

Ал эми пандемияга байланыштуу Тажикстанда окуу жылы 17-сентябрда башталат. Сабактар мектептерде бардык санитардык эрежелерди сакталган шартта өткөрүлөт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG