Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Укук коргоочулар Бээжинге Олимпиада өткөрүүнү ыйгарган чечимди өзгөртүүгө үндөштү


Бир катар укук коргоочу уюмдар Эл аралык Олимпиада комитетин 2022-жылы кышкы Олимпиаданы Бээжинде өткөрбөөгө чакырышты.

Алар Кытайдагы оюндар бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы начарлаган сайын Олимпиада кыймылына залакасын тийгизерин айтышат.

Кытай бийлиги 160тан көп уюм кол койгон кайрылуунун авторлорун «спортту саясатташтырып» жатышканы үчүн айыптады. Авторлордун катарында кытайлардын, улуттук азчылыктардын, уйгурлардын, тибеттиктердин жана монголдордун укуктарын коргогон уюмдар да бар.

Укук коргоочулар 2008-жылы жайкы Олимпиаданын ийгиликтүү өтүшү расмий Бээжинге ички саясат жүргүзүүдө ишеним берип, уйгурларды жана башка азчылык өкүлдөрүн куугунтуктоону күчөтүүгө өбөлгө түздү деп эсептешет.

Эл аралык Олимпиада комитети кат боюнча азырынча комментарий бере элек. Буга чейин «​Associated Press» агенттигинин уйгурлардын укуктары боюнча суроосуна жооп берип жатып, уюм оюндарды кабыл алчу өлкөнү тандоо менен ал жактагы саясий түзүмдү, социалдык окуяларды же адам укуктары жаатындагы стандарттарды колдобой турганын айтып жооп берген.

XS
SM
MD
LG