Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Ош шаарында текстил фабрикасы курулуп жатат


«Кыргыз текстил» ишканасынын курулушу. Ош шаары. 9-сентябрь, 2020-жыл.
«Кыргыз текстил» ишканасынын курулушу. Ош шаары. 9-сентябрь, 2020-жыл.

Ош шаарында ири текстил фабрикасы курулуп жатат. Ишкана жети миңге чейин адамды жумуш менен камсыз кылат. Фабриканын ээси, ишкер Нурбек Осмоновдун 9-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековго берген маалыматына караганда, текстил фабрикасы кийим-кече тигип, кездеме токуп чыгарат.

Ишкананын жылдык кубаттуулугу 10 миллион даана кийим-кече тигип, 1,5 миң тонна пахта менен жүндөн 4,5 миллион метр кездеме чыгарууга эсептелген. Өндүрүштө Жапония менен Германиянын шаймандары колдонулат.

Фабрикага жалпысынан 38 млн. доллар инвестиция салынган, анын 970 миллион сому курулушка жумшалган. Осмоновдун маалыматы боюнча, өндүрүшкө ишкерлер өз каражатынан тышкары "РСК Банктан" алты млн. доллар насыя алып сарпташкан. Учурда Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу маселеси сүйлөшүлүп жатат.

Текстил фабрикасы жылына 16 миң тонна чийки затты талап кылат. Бул талапты канааттандырыш үчүн Кара-Суу, Араван жана Ноокен райондорунда пахтаны кайра иштетүүчү заводдорду куруу максаты коюлган. Муну менен катар пахта майын өндүрүүчү завод курулмакчы.

«Кыргыз текстил ЛТД» ишканасы - Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон берки аралыкта курулуп жаткан алгачкы ири текстил фабрикасы.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков фабриканын курулушун кубаттап, «Айыл Банк» менен «РСК Банктын», Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жана «Кепилдик фондунун» өкүлдөрүнө жергиликтүү өндүрүшкө жеңилдетилген насыя берүүнүн зарыл экенин айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-сентябрда Ошко жумушчу сапар менен барды. Мамлекет башчы 9-10-сентябрь күндөрү Ош шаарын жана облусту кыдырат.

Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн Кең-Сай массивинде курулуп жаткан фабриканын 700 чарчы метри 6-сентябрь күнү өрттөнүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги милиция менен кошо өрттүн чоо-жайы иликтөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG