Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:34

Быйыл Путин менен «түз байланыш» уюштурулбайт


Быйыл орус президенти Владимир Путин менен «түз байланыш» уюштурулбайт. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Коронавирус пандемиясына байланыштуу июнь айына пландалган иш-чара кийинкиге жылдырылган. Песковдун айтымында, шартка жараша президент «түз байланышты» акыркы бир нече айдан бери өткөрүп келатат. Анын үстүнө ал форматтын элементтери Путиндин жылдык басма сөз жыйынында пайдаланылып жатат.

Путин 2001-жылдан бери түз эфирде эки басма сөз жыйынына катышып келатат. Орусиялыктар менен «түз байланыш» адатта жайында уюштурулат. Иш чара акыркы жети жылда бир эле жолу үч саат 50 мүнөттөн кыска болгон. Ал эми жыл этегинде президент журналисттердин суроолоруна жооп берет.

Буга чейин түз баарлашуу эки ирет - 2004 жана 2012-жылы өткөрүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG