Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Ооганстандын вице-президенти кол салууда аман калды


Вице-президент Амрулла Салехтин машинеси кол салуудан кийин. Кабул, 9-сентябрь, 2020-жыл
Вице-президент Амрулла Салехтин машинеси кол салуудан кийин. Кабул, 9-сентябрь, 2020-жыл

Ооганстанда биринчи вице-президент Амрулла Салех кол салуудан аман калганы кабарланды. Саясатчынын кеңсеси билдиргенине караганда, шаршембиде ал бараткан кербен бомбага кабылып, бери дегенде эки киши өлдү, 20 чактысы жарадар болду. Вице-президенттин басма сөз катчысы Ризван Мурад ооган редакциясы менен болгон маегинде: «Ооганстандын, өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын өз жашоосу менен коргогон жетекчилерибиздин душмандары бүгүн Амрулла Салехке кол салышты», - деп билдирди.

Кабул делегациясы үстүбүздөгү аптада Доха шаарына барып «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдү баштамак. Бирок логистикалык маселелерден улам кездешүү башка күнгө которулду. Тараптар өткөн жумада туткундарды айырбаштоо аяктаганын, диалог жакын арада башталарын кыйытышкан.

Февралда АКШ менен «Талибан» тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, эл аралык күчтөр ооган жергесинен эмки жылдын май айына чейин чыгарылууга тийиш. Талибдер Кабул өкмөтү менен атышууну токтотуу жана бийликти бөлүшүү боюнча диалог баштоого, чет өлкөлүк контингентке каршы террордук аракеттерди токтотууга кепилдик берген.

XS
SM
MD
LG