Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Штаб: 19 миңден ашуун медкызматкер окуудан өттү


Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө. Бишкек шаары. 16-июль, 2020-жыл.
Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө. Бишкек шаары. 16-июль, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо, анын алдын алуу боюнча 19 миңден ашуун медицина кызматкери атайын окуудан өткөнүн билдирди. Алардын арасында вирусологдор, инфекционисттер, реаниматологдор, терапевттер, пульмонологдор, лабораториялык жана башка адистер бар.

Премьер-министр Кубатбек Боронов медиктерди окутуу жана кайрадан даярдоо ишин улантыш керек экенин айтты.

«Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген протоколдоруна ылайык, ооруну дарылоо ыкмасы ар бир дарыгер, өзгөчө республиканын алыскы райондорундагы дарыгерлер үчүн жеткиликтүү жана түшүнүктүү болушу керек», - деди Боронов.

Өкмөт башчы жумуш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге жана кызматтык милдетин аткарууда илдетке чалдыгып каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөнүп берилиши керек экенин да кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин 5-сентябрдагы маалыматы боюнча, коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөcүнө кенемте берилди. Иш учурунда вирус жугузуп алган медкызматкерлерден келген 800 документ каралууда.

Өкмөттүн чечими менен иш учурунда коронавирус жугузуп каза болгондорго бир миллион сомдон кенемте берилиши керек. Ал эми вирус жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 3 159 медкызматкерге жукту, алардын 2 616сы айыкты, каза болгондор 70тен ашты. «Азаттыктын» маалыматына караганда, кайтыш болгондор 80ден көп.

Пандемияда өлкөдө медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалды. Ушундан улам оору эң көп катталган июль айында ыктыярчылар бейтаптарды өз алдынча карап жатышты. Андан тышкары жардам бериш үчүн чет өлкөлөрдөн да дарыгерлер келишкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG