Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

COVID-19: Дарыгерлердин кошумча акысы үчүн дагы 640 миллион сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт коронавирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлеринин айлыгына жылдын аягына чейин кошумча төлөм үчүн дагы 640 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди:

«Канчасы үстөк пулга берилери табелдин негизинде эсептелип чыгат. Ай сайын буйрук чыгарып отурбастан жылдын аягына чейин деп болжолдуу сумма катары 640 миллион сомго токтом чыгардык. Ошону ай сайын канча керек болсо алып турушат, эгер жетпесе кошуп беребиз, ашып калса кайра бюджетке кайтарабыз».

Өкмөт башчынын айтымында, марттан июлга чейин 785 миллион сом төлөнүп берилди. Анын ичинде, акыркы жолу июль айында 41 649 медицина кызматкерине 444 миллион сом бөлүнгөн.

Ошентип, жыл аягына чейин дарыгерлердин айлыгына кошумча төлөнүп берилчү акча үчүн бөлүнгөн сумма бир миллиард 425 миллион сом болот.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 3 158 медкызматкерге жукту, алардын 2 600ү айыкты, каза болгондор 70тен ашты. «Азаттыктын» маалыматына караганда, кайтыш болгондор 80ден көп.

Айлыкка кошумчадан тышкары өкмөт каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, оору жугузуп алгандарга 200 миң сомдон бөлүп берерин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG