Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Сот «Бүтүн Кыргызстандын» доо арызын кароону 9-сентябрга жылдырды (видео)


Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы берген доо арызын кароону 9-сентябрга жылдырды. Буга партия өкүлдөрүнүн БШКнын айрым мүчөлөрүн сотко чакыруу тууралуу жүйөсү себеп болду.

Соттун жылдырылышын «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров убакыттан уттуруу деп баалады:

«Бизге азыр ар бир саатыбыз кымбат, анткени убакыт өтүп жатат. Муну менен биздин бутубузду тушап коюп жатышат. Бул бизди артка калтыруу аракети. Биздин судьяга нааразылыгыбыз жок. Бирок БШКдан келген мүчөлөр кыйла жаштык кылып коюшту».

Бишкектин административдик соту "Бүтүн Кыргызстандын" доо арызын 7-сентябрда кечке жуук карай баштады жана ал үч саатка созулду. Бул аралыкта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, сот акыйкаттыгын талап кылып турушту.

«Бүтүн Кыргызстан» боюнча сот 9-сентябрга жылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00


Адахан Мадумаров партиянын тарапкерлерин 9-сентябрдагы сот отурумуна чейин тынч тарап кетүүгө чакырды. Ал мыйзамдардын негизинде чечим кабыл алынса «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы катталарын, эгер каттабай турган чечим кабыл алынса, саясий чечим деп саналарын айтты. «Бүтүн Кыргызстандын» тарапкерлери партиянын штабын көздөй жөө жүрүш менен кетишти.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп, сотко берген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG