Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Орусия менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу аба каттамдары качан ачылары белгисиз


Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.
Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.

Орусия менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча Бишкектин сунушуна Москва жооп бере элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди:

«Бул боюнча иш жүрүп жатат. Орусия тарап биздин сунушту карап жатат. Чек арасын ачса эле түз да, туруктуу да каттамдар ачылат».

Азырынча тараптар ортосунда чартердик каттамдар гана учууда. Орусиядагы кыргыз мигранттары чартердик каттамдарга бир билеттин баасы 40 миң рублдин тегерегинде болуп жатканын айтып, «Азаттыкка» даттанышты.

Бишкек Москвага учак каттамын 1-августтан тартып жандантуу жөнүндө сунушун июлда жөнөткөн.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан башка мамлекеттер менен аба каттамдарын токтоткон. 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары кайра жолго коюлган. (SE/ZKo)

XS
SM
MD
LG