Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөсү кенемте алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жумуш учурунда коронавирус жугузуп алып каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир миллион сом компенсация төлөп бериш үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күндө коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөcүнө кенемте берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-сентябрдагы басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, азыр иш учурунда вирус жугузуп алган медкызматкерлерден келген 800 документ каралууда.

Өкмөттүн чечими менен иш учурунда оору жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон кенемте каралган. Каза болгондорго бир миллион сомдон кенемте берилиши керек.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавирустан өмүрү кыйылган медицина кызматкерлери 80ден ашты.

4-сентябрга карата Кыргызстанда COVID-19 диагнозу аныкталган медкызматкерлер 3145ге жетти, анын ичинен 2533 медкызматкер айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG