Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

«Москва иши» боюнча соттолгон белгилүү блогер Жуковду сабап кетишти


Егор Жуков.
Егор Жуков.

Москва шаардык полициясы Егор Жуковдун сабалышы боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Жуковду жекшембиде түндө үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Жарандык активисттин тарапташтарынын бири Евгений Овчаровдун айтымында, ага эки киши кол салып, үн-сөзү жок эле токмоктогон. Ал ушул тапта мээси чайкалган деп ооруканага жаткырылды.

Жогорку экономика мектебинин студенти, 22 жаштагы блогер Москвадагы таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган жана бийликтин саясатына каршылык катары былтыр жайында өткөн митингдердин биринде кармалган. Анын алдында активист «YouTube» порталындагы каналына президент Владимир Путиндин саясатын сындаган видеолорду жарыялап, оппозициячыл күчтөрдүн саясий акцияларын жарнама кылып турган.

Прокурорлор алгач Жуковго «массалык башамаландык уюштурган» деген айып коюп, кийинчерээк ал айыпты өзгөрткөн.

Былтыр жыл аягында Москвада сот аны үч жылга шарттуу кескен. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес жана май айында Жуков Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылган.

XS
SM
MD
LG