Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирусун дагы 78 киши жугузуп алганы расмий аныкталды.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 31-августка карата тараткан маалыматы боюнча Бишкекте - 18, Ысык-Көл облусунда – 14, Баткен облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда – 11, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 6, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда – 4, Ош шаарында бир адамдын анализинен вирус табылды.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 43898ге жетти. Анын 38459у айыгып чыкты. (NT)