Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

30-августка карата COVID-19 дагы 108 адамдан аныкталды


Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 илдети лабораториялык жактан тастыкталган 108 учур жаңыдан катталды. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда - 33 адам вируска чалдыкты.

Бишкек шаарында - 17;

Ош шаарында – 2;

Чүй облусунда – 11;

Ош облусунда – 12;

Талас облусунда - 6;

Нарын облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 10;

Баткен облусунда - 16.

Ушуну менен жалпы пандемия башталгандан берки убакта коронавируска чалдыккандардын саны 43 820 адамга жетти.

Ал эми акыркы суткада оорудан 225 адам айыгып чыкты. Жалпы сакайгандардын саны 38 198 адам коронавирусту жеңип, айыгып кетти.

30-августка карата COVID-19 вирусунан Ош облусунда бир адам кайтыш болду. Оорудан көз жумгандардын жалпы саны - 1059 адам. (ZKo)

XS
SM
MD
LG