Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Кыргызстанда коронавирустан 80дей медицина кызматкери каза болду


Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө.
Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө.

Бул тууралуу 21-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосундагы» маегинде айтты.

Анын сөзүнө караганда, ушул күнгө чейин коронавирустан 80ге жакын медицина кызматкери каза болду. Анын ичинен 30дан көбү дарыгерлер.

Расмий маалымат боюнча, 21-августка карата Кыргызстанда 3 073 медкызматкерге COVID-19 илдети жугуп, 2 383ү айыгып чыкты.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорунун үй-бүлөсүнө бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Саламаттык сактоо министрлиги оорудан көз жумган медкызматкерлердин жакындарына жана илдет жуккан дарыгерлердин канчасына кенемте төлөнгөнү тууралуу маалымат бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG