Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Тарых музейи жана ипподром иши боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды


Сапар Исаков. «Азаттыктын» коллажы.
Сапар Исаков. «Азаттыктын» коллажы.

Бишкек шаардык соту 20-августта Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча апелляциялык арызды аралыктан карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Бакытбек Автандил уулу «Азаттыкка» билдирди.

Айыпталып жаткандардын апелляциялык арызы 18-августта онлайн карала баштаган. 19-августта сотко аралыктан катышкан айыпталуучулардын бири Сапар Исаков сөз сүйлөп, өзүнө жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага музей иши боюнча ойдон чыгарылган айыптар коюлганын айтты. Башка иштер боюнча да өзүнүн күнөөсү жок экенине токтолуп, журналисттерден чуулгандуу Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ), ипподром, музей иши боюнча иликтөө жүргүзүп, ким туура, ким күнөөлүү экенин коомчулукка жеткирип берүүнү суранган.

Сапар Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жатат.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган.

Музей иши боюнча Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынган. Өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келе жаткан Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG