Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Президент Баткенде чек арачыларга курулуп жаткан үйдүн пайдубалын түптөөгө катышты


Чек арачыларга курулуп жаткан үйдүн пайдубалын түптөө. Баткен. 12-август, 2020-жыл.
Чек арачыларга курулуп жаткан үйдүн пайдубалын түптөө. Баткен. 12-август, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта Баткен облусуна жумуш сапары менен барып, чек арачы аскерлер менен жолугушту. Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев президентке билдиргени боюнча 24 батирлүү, үч кабаттуу үй кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасын кайтарган №2022 аскер бөлүгүнүн кызматкерлерине арналып салынууда.

Мамлекет башчысы аскердик бөлүк менен таанышып, аскер кызматкерлери менен бирге тамактанды. Баарлашуу учурунда Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мамлекеттик чек арасы эгемендиктин негизи экенин айтып, кызмат өтөш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана аскер кызматчыларынын жашоосун жакшыртуу мамлекеттин көңүл борборунда болорун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жумуш сапарынын жүрүшүндө өрүктү кайра иштетүүчү ишкана жана текстил фабрикасынын курулушу менен таанышты.

Өрүктү кайра иштетүү ишканага сегиз млн. долларга жакын инвестиция салынган. Ишкана иштей баштаса 200 жумуш орду түзүлүп, жыл сайын сегиз миң тонна өрүк кайра иштетилет. Ал эми текстил фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик алты млн. доллар. Фабрика ишке кирсе Баткен шаарынын калкы үчүн кошумча 1000 жумушчу орду түзүлөт жана жыл сайын 400 млн. сомго жакын өндүрүм чыгарылат.

Эки долбоордун курулушун 2020-жылдын декабрында бүтүрүү пландалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG