Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Европа өлкөлөрүнөн 137 жаран Кыргызстанга жеткирилди


14-июнда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген жарандар.
14-июнда Москва-Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келген жарандар.

«Avia Traffic» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек чартердик каттамы менен 3-августта дагы 137 кыргызстандык жаран мекенине жеткирилди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул учак менен Беларуста, Украинада, Австрияда, Улуу Британияда, Германияда, Литвада, Италияда, Польшада, Швецияда, Финляндияда жашап-иштеген жарандар, студенттер келишти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жарандардын арызынын негизинде түзгөнү кабарланды.

Мекенине кайтыш үчүн кайрылгандар көп болгондуктан, Кыргызстандын Орусиядагы жана башка мамлекеттердеги элчиликтери маал-маалы менен авиакаттам уюштуруп жатат.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл мартта бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранып жатышат. Алардын көбү Орусияда жашап-иштеген мигранттар. (NT)

XS
SM
MD
LG