Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

АКШ соту Царнаевдин өлүм жазасын жокко чыгарды


Жохар Царнаев
Жохар Царнаев

Америка Кошмо Штаттарынын Федералдык аппеляциялык соту Бостондогу теракт үчүн айыпталган Жохар Царнаевдин өлүм жазасын жокко чыгарды.

Бостондогу аппеляциялык сот Царнаевге жаза чегерүү боюнча жаңы соттук териштирүү баштоо үчүн ишти округдук сотко өткөрүп берди.

2013-жылы 15-апрелде Бостондогу марафон маалындагы жардыруудан үч киши өлүп, 260тай адам жарадар болгон.

Быйыл 27ге чыккан Жохар Царнаев үч жыл мурда бул окуя боюнча күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына кесилген.

Кандуу окуядан көп өтпөй колго түшүрүлгөн Царнаев өкүм чыгаар алдында теракт уюштурганын мойнуна алган. Жардырууну уюштургандардын бири, Жохардын агасы Тамерлан полиция менен атышууда окко учкан.

Царнаевдин үй-бүлөсү бир нече жыл мурда Токмок шаарында жашаган. Кийин Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунда АКШга кетишкен. Жохар 2012-жылы АКШ жарандыгын алган.

Токмоктуктар Царнаевдер тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:50 0:00

XS
SM
MD
LG