Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Алишер Усманов өзбек дарыгерлерине сыйлыкка 10 миллиондой доллар берет


Алишер Усманов.
Алишер Усманов.

Орусиялык өзбек улутундагы миллиардер Алишер Усманов Өзбекстанда коронавирус пандемиясы маалында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине сыйлыкка 100 миллиард сум (10 миллиондой доллар) бөлүп берди. Бул тууралуу UZA.uz. мамлекеттик маалымат агенттиги жазды. Өлкө бийлиги да медиктерге бюджеттен ушунча өлчөмдө каражат бөлмөкчү. Акча медиктерге бир жолку сыйлык катары бөлүштүрүлүп таратып берилет.

Ага ылайык, дарыгерлер беш миллион сумдан (500 доллар) алат, ортоңку медицина кызматкерлерине төрт миллион сумдан (400 доллар) тийет.

Расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда 22 миңден ашык адам коронавирус жугузуп алып, 130дан көп бейтап көз жумду. Расмий эмес булактарда ооругандар жана көз жумгандар мындан алда канча көп экени айтылууда. Ушул айда бийлик карантин чараларын кайталап күчөткөн.

Өзбекстанда төрөлгөн Алишер Усманов «Forbes» журналынын рейтинги боюнча Орусиядагы эң бай деген кишилердин тизмесинде жетинчи орунда турат.

2018-жылы АКШнын Финансы министрлиги Усмановду Орусиянын президент Путинге жакын олигархтардын бири катары атап, санкция салган.

XS
SM
MD
LG