Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Гонконгдо шайлоо мөөнөтү бир жылга жылды


Гонконгдун Кэрри Лэм баштаган башчылары.
Гонконгдун Кэрри Лэм баштаган башчылары.

Гонконгдун бийлиги быйыл сентябрга белгиленген мыйзам чыгаруу кеңешине шайлоонун мөөнөтүн туура бир жылга калтырды. Шаар башчысы Кэрри Лэм мындай чечимди аймакта коронавирус жайылып жатканы менен негиздеди.

Добуш берүү эми 2021-жылдын сентябрь айында өтөт.

Бул шайлоодо Гонконгдун өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн демократияга ыктаган күчтөр бул шайлоодо жеңип чыгууга үмүт артып жатышкан. Мыйзам чыгаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн теңин гана шайлоочулар шайлайт. Калган жарымы Бээжинге ыктаган күчөрдөн куралат. Буга чейинки жергиликтүү кеңештерге шайлоодо оппозиция жана аларга тарапташтар кыйла жеңишке жетишкен.

Гонкондо былтыртан бери кытай бийлиги аймактын өз алдынчалыгын чектегенине байланыштуу калайман нааразылык акциялары өткөн. Көбүнчө тоз-тополоң менен коштолгон демонстрациялар коронавирус пандемиясы башталып, айрым чектөөлөр киргенде басаңдаган. Бээжин жакында эле улуттук коопсуздук тууралуу мыйзам кабыл алган. Аймактагы оппозициялык күчтөр, АКШ баштаган бир катар Батыш мамлекеттери бул документ шаардын автономиясы тууралуу буга чейинки келишимдерге шек келтирет деп айыптап чыгышкан.

1997-жылы 1-июлда Гонконг өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген, ички саясатын өзү жөндөгөн атайын аймак катары Британиядан Кытайдын карамагына өткөн. Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берүүгө убада берген эле.

XS
SM
MD
LG