Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Алайда жана Кадамжайда сел жүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен жана Ош облустарындагы шейшемби күндөгү нөшөр жаандан кийинки селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Алай районунда 28-июлда нөшөр жаандан кийин кокту-колоттон келген сел суусу Ош – Сары-Таш – Эркечтам автожолунун 114-чакырымын көлөмү болжол менен 1 500 куб метрлик кум-шагылга толтурган. Машиналардын өтүшүнө кыйынчылык жаралгандыктан атайын техника тартылып, жол тазалана баштаган. Бул иш бүгүн да уланууда.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл аймагында 28-июлда сел жүрүп, Гайрат айылындагы төрт үйдүн короосуна, бир үйдүн ичине селдин суусу кирген. Ошондой эле Кадамжай–Шахимардан автожолу кум-шагылга толгон. Кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.

Адам өмүрүнө зыян келген учур катталган жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июлдан 2-августка чейин тоолуу аймактарда сел коркунучу жогору экенин эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG