Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Кадамжайда сел алты көпүрөнү агызып кетти


Чоң-Алай районундагы сел. Июль, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Чоң-Алай районундагы сел. Июль, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 26-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, жаңыдан оңдолгон алты көпүрөнү агызып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жүргөн сел райондун Орозбеков айыл өкмөтүндө Охна сел өтүүчү сайындагы бир нече күн мурун, 24-июлда калыбына келтирилген алты көпүрөнү бузуп кетти.

Азырынча селден адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. ӨКМ кошумча кабар берерин билдирүүдө.

Жергиликтүү элдин маалыматына караганда селден эгин талаалары жабыркаган. Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Канаевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сел аймактагы Гайрат жана Кескин-Таш айылдарында эгин талааларын жууп, турак үйлөрдү каптаган. Тамаша, Кызыл-Булак жана Лангар айылдарында сел жолдорго зыян келтирген, автоунаа кыймылы токтогон.

Кыргызгидромет 28-июлга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы болорун эскертүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG