Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:45

БУУнун эксперттери Иранды укук коргоочу Мухаммадини бошотууга чакырышты


Наргес Мухаммади 2015-жылы Иранда өлүм жазасына тыюу салуу өнөктүгүн уюштурганы үчүн камалган.
Наргес Мухаммади 2015-жылы Иранда өлүм жазасына тыюу салуу өнөктүгүн уюштурганы үчүн камалган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча эксперттери укук коргоочу Наржес Мухаммади коронавирус болуп ооруп калганы үчүн Иран бийлигин аны түрмөдөн бошотууга чакырышты. Алар тараткан билдирүүдө "16 эксперттен турган топ Наржес айым Занжан түрмөсүндө COVID-19га кабылганынан улам тынчсыздануу билдирет", - деп айтылат.

Иран бийлиги буга байланыштуу үн ката элек.

Журналист жана активист Мухаммади 2015-жылы Иранда өлүм жазасына тыюу салуу өнөктүгүн уюштурганы үчүн камалган. Ага өлүм жазасына каршы мыйзамсыз кыймылды уюштурган деген айып коюлган жана сот аны бир жылдан кийин 16 жылга эркинен ажыраткан.

Мухаммеди Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади негиздеген Ирандагы укук коргоо борборунун өкүлү болчу. Анын 13-июлда жазган катында өзү менен чогуу отурган ондон ашык адамга коронавирус жукканын билдирген.

Иранда расмий маалымат боюнча, коронавирус 280 миңге чукул адамга жугуп, 14,5 миңден көп бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG