Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Дарыгерлерге миллиондогон акча чогулткан британ ардагери рыцарь болот


Том Мур быйыл 30-апрелде 100гө чыкты.
Том Мур быйыл 30-апрелде 100гө чыкты.

Британ ханышасы Елизавета II кайрымдуулук акциясы менен дүйнөгө таанылган, өз өлкөсүндө улуттук баатырга айланган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Том Мурга рыцарь наамын ыйгарганы жатат. Наам алгандан кийин ардагерге өз ысымына “сэр” деген сөздү кошуп айтып-жазууга укук берилет.

Том Мур 30-апрелде 100гө чыкты. Ал ошол айдын башында туулган күнүн утурлай аны өсмөдөн дарылаган британ Улуттук саламаттык сактоо кызматына (NHS) ыраазычылык билдирүү максатында жана дарыгерлердин жаңы вирус менен күрөшүүдөгү мээнет-түйшүгүн сыйлап акча чогултуу акциясын баштаган.

Карыя анда үйүнүн короосун чыгырыктын жардамы менен 100 жолу айланып, 100 жылдык мааракесин утурлай 1000 доллардан ашык каражат топтоюн деген. Бирок анын бул акциясы тууралуу журналисттер жазып чыккандан кийин кайрымдуулукка акча жөнөткөндөр жүз миңдеп көбөйүп кеткен жана карыя анда баш-аягы 41 миллон доллар топтогон. Ардагер дарыгерлерди «азыркы учурдун жоокерлери» деп атап, чогулган акчанын чып-чыргасын коротпой которуп берген.

Том Мур Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Индияда, Мьянмада жана Индонезияда кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG