Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

18-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

18-июлда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жана Ош облусунун тоолорунда жаан-чачын каттуу жаайт. Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 31…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 34…36 градус болот.

XS
SM
MD
LG