Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Президент жана өкмөт: Жалилов элди диний тарбиялоого зор эмгек кылды  


Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

Таанымал ханафий диниятчы, мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков, төрага Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук ишмерлердин атынан көңүл айтуу каты жарыяланды.

Анда Жалиловдун элди руханий, диний, адеп-ахлак жактан тарбиялоодо зор эмгеги болгону белгиленет.

“Чубак ажы заманбап коммуникация каражаттарын колдонуу менен мусулман жамаатына сабактары менен таанымал болуп, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоого, улуттар аралык ынтымакты, конфессия аралык байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон. Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөп, эл сүйүп окуган бир нече китептердин автору. Чубак ажы ханафий-мазхабынын Кыргызстанда гана эмес, жалпы Борбор Азия мамлекеттеринин диний турмушунда бекем орун алышына чоң эмгек өтөгөн. Чубак ажы Жалиловдун жаркын элеси элибиздин эсинде дайыма сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, - деп жазылган некрологдо.

Таанымал ханафий диниятчы, мурдагы муфтий Чубак Жалилов капысынан келген илдеттен улам 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта Чубак ажы Жалилов 10-июлда түнкү саат 12 чамасында ооруканага оор абалда келген. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү, кант диабети деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин бардык аракетине карабай 11-июлда түнкү саат үчтөрдө көз жумган.

Чубак ажы Жалилов 1975-жылы 21-январда Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген. 2000-2006-жылдары Сауд Арабиядагы Эл аралык "Умм ал-Кур" университетинде жогорку билим алган.

2005--2007-жылдары ал Борбордук Азия жана Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын адиси болгон. Ислам университетинде сабак берген.

2010--2012-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын жетектеген. Өткөн айда дин башкармалыгынын алдындагы аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгуу тууралуу арыз жазган. Муну айрым талдоочулар алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары баруу ыктымалдыгы менен байланыштырышкан.

Чубак ажы Жалиловдун сөөгү 11-июлда туулган жери Базар-Коргон районунун Мундуз айылына коюлду. Аны менен коштошууга жүздөгөн адамдар келишти. (TSh)

XS
SM
MD
LG