Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Пандемияга байланыштуу Баткен облусунун аймагында чектөөлөр киргизилет


Баткен облустук ооруканасы. Апрель, 2020-жыл.
Баткен облустук ооруканасы. Апрель, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча Баткен облустук штабы 8-июлда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чектөөлөрдү кабыл алды. Ага ылайык, 10-июлдан тартып Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка аймактардын ортосундагы коомдук транспорт жана такси кызматтары токтотулат.

Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгышына жол берилбейт. Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу машинелерге гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул автоунаалардын жүргүнчү салышына тыюу салынат. Жарандардын жаратылышка эс алууга чыгышына да уруксат жок. Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга бара турган жарандар дарыгердин жолдомосу менен гана облустан чыга алат. Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштейт.

Мындан тышкары той-мааракелерди өткөрбөө боюнча чектөөлөргө баш ийбегендерге, дары-дармек менен азык-түлүктүн баасын көтөргөндөргө катуу чара көрүлө тургандыгы айтылды.

8-июлга карата расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандар 8486 адамга жетти. Анын 193ү Баткен облусунда.

Вирус жугузуп алгандан кийин 112 киши каза болду. Пневмониядан каза болгондордун саны - 268 адам.

XS
SM
MD
LG