Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин үч күн обочолонууда болот


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин үч күн обочолонууда болот. Бул тууралуу 24-июнда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, анализинен коронавирус чыккан эки кызматкер 14 күнгө обочолонот. Алар менен Москвага чогуу учуп барган президент жана башкалар анализ тапшырып, жыйынтыгы чыкканча болжол менен үч күн өзүнчө болушат.

Стамалиева кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Москвага учар алдында COVID-19га анализ тапшырганын, баарыныкы таза чыкканын кошумчалады.

Бүгүн Москвада Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган майрамдык парад өттү. Ага катышуу үчүн Бишкектен президент баштаган делегация жөнөп кеткен. Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок Жээнбеков ардактуу конок катары бул иш-чарага катышкан жок.

Себеби Москвадан текшерилгенде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир жансакчыдан коронавирус табылганы расмий айтылды.

Орус бийлиги парадга 12 мамлекеттин башчысы барарын билдирген. Ага чейин бир катар өлкөнүн башчылары бул иш-чарага катышпай турганын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG