Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Талас: Активист Айбек Бусурманкуловду милиция кармап кеткени кабарланды


Айбек Бусурманкулов
Айбек Бусурманкулов

"Жерүй" алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жаткан жарандык активист Айбек Бусурманкулов Талас райондук ички иштер бөлүмүнө алып келингени кабарланууда. Бул тууралуу Кулмат Сыдыков аттуу жергиликтүү активист “Азаттыкка” маалымдады.

“Болот Шердин батасынан келе жатканда, милиция кызматкерлери тосушту. Айбекти саат жетилер чамасында Талас районунун ички иштер бөлүмүнө алып келишти. Милиция бизге эч нерсе айтпай жатат”, - деди ал.

Кулмат Сыдыковдун айтымында, алар 24-июнда Талас районунда "Жерүй" алтын кени боюнча жыйын өткөрүшмөк.

Азырынча Талас облустук ички иштер башкармалагынан активисттин кармалганы тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. Милиция бул кабардын чын-төгүнүн бышыктай элек.

Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда "Кумтөрдөн" кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG