Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Демократтар Трамптын "Ачык асман" келишиминен чыгуу чечимин сындашты


Дональд Трамп, 20-июнь, 2020-жыл.
Дональд Трамп, 20-июнь, 2020-жыл.

АКШ Сенатындагы демократтардын тобу Дональд Трамптын администрациясынын “Ачык асман” келишиминен чыгуу чечимин сындады. Мамлекеттик катчы Майк Помпео жана коргоо министри Марк Эспердин дарегине жазылган катта сенаторлор келишимден чыгуу мөөнөтү ноябрдагы президенттик шайлоонун алдына дал келерин, муну менен демократтар жеңсе, эмки администрациянын аракеттери чектелип каларын билдиришти.

Кайрылуунун авторлору эреже боюнча келишимди артка чакыртуу боюнча беш айлык процесске 120 күн калганда Ак Үй Конгрессти кабардар кылышы керек, бирок бул жолу андай болбой, улуттук коргоого каралган каражат тууралуу мыйзам бузулду деп эсептешет.

Президент Дональд Трамп АКШ "Ачык асман" келишиминен чыга турганын 21-майда Вашингтондон жарыялап, Москва бул келишимдин шарттарын бир нече жолу бузганын айтып, чечими тууралуу Конгресске эртеси күнү билдирген. Документ 35 мамлекетке бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү, курал алып жүрбөгөн учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Демократтар өз катында "келишим мыкты деп атоодон алыс, бирок кемчиликтерине караганда пайдалуу жактары көбүрөк" дешет.

Орусия Трамптын чечимин сындаган.

XS
SM
MD
LG