Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Акыркы суткада коронавирус жугузуп алган үч киши көз жумду


Коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдын сөөгүн чыгаруу учуру. Ооганстан. 7-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдын сөөгүн чыгаруу учуру. Ооганстан. 7-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул Кыргызстанда пандемия башталгандан берки убакта бир суткада каза болгондор боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 20-июнда брифингде берген маалыматына караганда, алардын бири 59 жаштагы аял:

“Бул аял Ош облусундагы аймактар аралык ооруканасына 18-июнда түшкөн. Анда курч мүнөздөгү коронавирустук инфекция бар экени анык болгон. Эки өпкөсү кагынганы белгилүү болгон. Мындан тышкары бөйрөгү да ооруган. Ал аял тогуз күндөн ашуун үйдө дарыланганы аныкталды. Бул анын абалы начарлашына гана алып келген. Ооруну кайдан жугузуп алганын билген эмес”.

Акыркы суткада көз жумгандардын дагы бирөө 61 жаштагы эркек киши Ош облусунун Кара-Суу районундагы ооруканадан көз жумду. 17-июнда жөтөлүп, деми кысылганын айтып кайрылган. Ошол эле күнү ПЧР анализи алынып, натыйжасы оң чыгып калды. Ал мурда да инфаркт болгон экен. Абалы кескин түрдө начарлап, кайтыш болуп калды.

Үчүнчү маркум - 62 жаштагы эркек киши 15-июнда Ысык-Көлдүн Түп райондук ооруканасына кайрылган. 8-июндан тарта дене табы көтөрүлгөнү белгилүү болгон. Медициналык кийлигишүүлөргө карабай, кайтыш болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандарды оорунун белгилери байкалса, үйдөн дарыланбай, дарыгерлерге кайрылууга чакырды.

20-июнга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алып, каза болгондордун саны 35 адамга жетти. Алардын ичинен экөө 50гө чыга электер. Калгандары 50 жаштан жогору курактагылар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG