Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Президент премьер-министрдин милдетин аткарууну Бороновго жүктөдү


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткарат. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кол койду.

Ушул эле жарлык менен Мухаммедкалый Абылгазиев берген арызына ылайык, премьер-министр кызматынан бошотулду.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 16-июнда өзү сунуштаган техникалык өкмөттүн жаңы курамын жактырып, дээрлик бир добуштан колдоп беришти.

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов, биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Алмазбек Батырбековдун талапкерлиги колдоо тапты. Мындан сырткары өкмөттүн аппарат башчысы өз арызы менен кеткени кабарланып, анын ордуна Таалайбек Темиралиев сунушталды. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов көрсөтүлдү.

Калган вице-премьер-министрлер жана министрлер мурдагы орундарында калышты.

Жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Анын арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG