Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Чубак ажы: Сузактагы зомбулук баарыбызга дөңгөлөк илип кордогонго барабар окуя


Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов "Марал" радиосунда аялга жасалган Сузактагы зомбулукту сындап, коомчулукту үй-бүлөдөгү зомбулукка маани берүүгө чакырды.

“Коом тирүү болушу керек. Мындай адамдарга маани берип, токтото турган болсок бардыгы ордуна келет. Бул бир адамды ургандык эмес, падышабыз баш болуп, акыркы кишиге чейин дөңгөлөк илип, ага ташты салып, үстүбүзгө арыктын кир суусун куйганга тете болду. Эгерде ушундай окуяга маани бербей жатсак, демек баарыбыз кордолуп отурабыз дегенди билдирет”, - деди Жалилов.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы адам 13-июнда 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда.

Өкмөт Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча жыйын өткөрдү. (TSh)

XS
SM
MD
LG