Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 27 кишиге жетти (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 13-июнда брифингде Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы бир бейтап каза болгонун билдирди. Анын сөзү боюнча, вирустан көз жумган адам Ош облусундагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.

«1962-жылы туулган бейтаптын оорусу үч күн мурда катуу кармаган экен. Амбулатордук жол менен жеке менчик процедуралык кабинет алып дарыланган. Абалы жакшырбаганы үчүн 118 телефонуна чалышканда мобилдик бригада барып анализ алган. «Тез жардам» менен алып келинип ооруканада дарыланып жаткан. Көрүлгөн чарага карабастан каза болуп калды»

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусунан көз жумгандардын саны 27 кишиге жетти.

Жалпысынан 18-марттан 13-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2207 адамдан табылды, 1722 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Соңку бир сутка ичинде төрт медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 429 учур катталды, алардын ичинен 339 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG