Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

АКШ Германиядан аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарып кетет


Америкалык аскерлер машыгуу учурунда. Графенвёр шаары, Германия. 12-июнь, 2017-жыл.
Америкалык аскерлер машыгуу учурунда. Графенвёр шаары, Германия. 12-июнь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Германиянын өкмөтүнө расмий Вашингтондон 10-июнда билдирүү келип түшкөн. Маалыматты шаршембиде немис канцлери Ангела Меркелдин басма сөз кызматы ырастап, бирок "азырынча так чечим жок экенин" маалымдады.

Мурдараак айрым басылмалар Германиядагы отуз миңден ашуун аскердин ичинен 15 миңин чыгарып кетүү тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу чыкканын жазышкан. Бирок Акүй да, НАТО да бул боюнча эч кандай маалымат берген эмес.

The Wall Street Journal президент Трамп ФРГдан 9,5 миң аскерин чыгарып кетет деп жазса, Der Spiegel журналы жыл аягына чейин Германиядан 15 миңге чейин америкалык жоокерлер чыгып кетерин кабарлаган. Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр Вашингтондун бул планы НАТОнун ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизерин айтууда.

АКШда "Республика" партиясынын 22 мүчөсү шейшембиде Европадагы аскерлердин санын азайтуу демилгесине кабатыр экенин билдирген.
Германияда АКШнын эң көп аскерлери жайгашкан. Дональд Трамп президенттик кызматка келери менен эле Германияны жана башка Европа өлкөлөрүн коргонууга жетиштүү деңгээлде акча бербейт деп сындаган.

XS
SM
MD
LG