Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Бээжин курал-жаракты тескөөнү көздөгөн сүйлөшүүгө катышпайт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кытай АКШ жана Орусия менен куралдануу жараянын көзөмөлдөөнү көздөгөн үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышпай турганын кайталады. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хуа Чуньин расмий Бээжин бул маселе боюнча позициясын өзгөртпөгөнүн 10-июнда билдирди.

Вашингтон менен Москванын ортосундагы куралдануу жараянын, анын ичинде өзөктүк курал-жарак маселесин көзөмөлдөгөн «New START» аттуу келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февраль айында аяктаганы турат. Эки тараптын өкүлдөрү ал макулдашууну узартуу же жаңы келишим түзүү маселеси боюнча 22-июнда Вена шаарында сүйлөшүү өткөргөнү жатышат.

Буга чейин Кошмо Штаттардын бийлиги Орусия Кытайды үч өлкөнүн өзөктүк курал-жарак корун чектөөнү көздөгөн сүйлөшүүлөргө катышууга көндүрөт деп үмүттөнүп турганын билдирген.

Былтыр АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден чыгып кеткен. Өткөн айда Вашингтон 35 мамлекетке бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген "Ачык асман келишиминен" чыгаарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG